13-августта Бишкекте “Кыргыз бийи” ырдын видеоклибин сунуштоо өтөт. Иш-чарага республикадагы коомдук жана маданий ишмерлер, ММК өкүлдөрү чакырылган.
“Кыргыз бийи” клиби 3 айдын ичинде тартылган. Клипте унутулган улуттук кыргыз бийлеринин элементтери колдонулган. Тартуу иштерине өлкөнүн белгилүү бий тобунан жүздөгөн бийчилер тартылган. Кадрларга Кыргызстандагы бардык белгилүү тарыхый жерлер кирген.
“Кыргыз бийи” ырдын сөздөрү белгилүү акын, сөз устаты Кыялбек Урмамбетке таандык. Азамат Отунчиев жана Мирлан Ниязов музыка жана аранжировка боюнча иштешкен, ал эми “Кыргыз бийи” аткаруусун Султан Садыралиевге тапшырган. Чыныгы кыргыз бийинин элементтерин чыгармачыл топ Кытайга (Урумчи шаары) болгон сапарында үйрөнгөн.
Мастер-класстарды Кытай Эл Республикасынан белгилүү хореографтар жана балетмейстерлер, эл артисти Бактияр Мурат уулу жана Гулшайыр Курман кызы өткөрүштү. Оригиналдуулук жана улуттук колориттин масштабдылығы Кытайды таң калтырганын белгилеп өтүү керек.
Видеону көрүүЭзил: фейсбук "Кыргыз бийи"