Бишкекте көп кабаттуу үйдө сатып алынган батирлер негизинде жашыруун «мини-отель» аныкталды
6-февралда Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгы Бишкекте «Притон» аттуу профилактикалык операция өткөрүлгөндүгү тууралуу маалымат берди. Рейд учурунда Ибраимова көчөсүндөгү 63-үйдөгү көп кабаттуу үй текшерилди. Такталгандай, подъезддердин биринде көпчүлүк батирлер бир ээсине таандык болуп, ал аларды суткасына гостиница катары колдонуп келген.