Жогорку Кенештин шайлоолору: Шайлоочулардын катышуусу 12.00дө 12,07 % түздү
Бардыгы болуп шайлоодо 12:00гө карата 518 473 шайлоочу добуш берди, бул жалпы тизмеге киргизилгендердин 12,07%ын түзөт. Бул маалыматты Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымдын орун басары Айдана Жупуева билдирди.