Шайлоо участкалары жабылган соң, Борбордук шайлоо комиссиясы электрондук урналар аркылуу добуштарды автоматтык эсептөө жыйынтыктарын алат.
Акыркы жыйынтыктар добуштарды кол менен эсептегенден кийин гана жарыяланат. Жогорку Кеңешке шайлоодо 2 миллион 761 миң 297 шайлоочу биометрикалык маалыматтарын тапшырган.
Sputnik инфографикасындагы көрсөткүчтөр парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыктары эмес.
Депутаттык мандаттар үчүн 14 саясий партия күрөшүүдө.
Жалпысынан 99,25 пайыз бюллетендер иштелип чыккан. Шайлоочулардын катышуусу 18:00гө карата жалпы шайлоочулардын 45,7 пайызын түздү.
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 2015-жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоолор биометрикалык маалыматтар аркылуу өткөрүлдү. Шайлоочулардын базасы 2 миллион 670 миң 480 жарандан түзүлгөн, алар келечектеги добуш берүүгө укук алышкан.
Источник:
Sputnik Кыргызстан