Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Алмазбек Атамбаев РФ менен ГЭС куруу боюнча Макулдашууларды денонсациялоо жөнүндө мыйзамдарды кол койду

Алмазбек Атамбаев РФ менен ГЭС куруу боюнча Макулдашууларды денонсациялоо жөнүндө мыйзамдарды кол койду

Алмазбек Атамбаев РФ менен ГЭС куруу боюнча Макулдашууларды денонсациялоо жөнүндө мыйзамдарды кол койду
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү ортосундагы Камбаратинская ГЭС-1ди куруу жана пайдалануу боюнча 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү ортосундагы Жогорку-Нарын каскадындагы гидроэлектр станцияларын куруу жана пайдалануу боюнча 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө» мыйзамдарды кол койду.

Мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 20-январында кабыл алынган.

Эскерте кетсек, ГЭСтин биргелешип куруу долбоору ишке ашпай калды, бир нече жыл мурун эксперттер буга байланыштуу билдиришкен. Бирок, анын илгерилеши тууралуу жаңылыктар ЖМКларда көп айтылып, жүздөгөн жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн, Россия тараптан каражаттар бөлүнгөн, ал эми Борбордук Азиядагы коңшусу Өзбекстан жаңы каскад ГЭСти ишке киргизүү учурунда согушка даяр экенин эскерткен. 2015-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын башчысы Алмазбек Атамбаев бир тараптуу түрдө макулдашууларды токтотуу ниетин билдирген. Денонсация процессин тездетүүнүн демилгечиси республика премьер-министри Темир Сариев болуп, ал январь айынын башында Токтогул ГЭСин эки авариядан жабыркаган жерлерин көрүп, өзүнүн каалоосун билдирген. Мамлекеттик кызматкерлер жаңы жылдык майрамдар менен байланышкан мини-каникулдардан чыккандан кийин, макулдашууларды токтотуу боюнча мыйзам долбоору өлкөнүн парламентине тапшырылган.

Парламенттик фракциялардын кароосу жана кайра иштелиши, андан кийин – профилдик комитеттерде кароо жана акыры, палатага чыгаруу үч окууда мыйзамдардын кабыл алынышы менен аяктаган. Эскертүүчү жагдай, макулдашуулардын экинчи тараптары – ПАО «РусГидро» аталган ведомствонун маалымат кызматынын маалыматы боюнча, алардын жакын арада денонсацияланышы тууралуу билдирүү алган эмес. Ошондой эле «РусГидро» тарабынан Жогорку-Нарын каскадындагы долбоорду ишке ашыруу үчүн 37 млн. доллардан ашык каражат алган ЗАО «Верхне - Нарынские ГЭС» да, бул багытта иш алып барууда.
Мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте Россия Федерациясынын Өкмөтүнө аталган Макулдашуулардын денонсациясы тууралуу билдирүү берүү тапшырылган.

Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
26-01-2016, 17:09
Вернуться назад