Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Мигранттар үчүн Россиядагы КР элчилигинде бардык шарттар түзүлгөн

Мигранттар үчүн Россиядагы КР элчилигинде бардык шарттар түзүлгөн

Мигранттар үчүн Россиядагы КР элчилигинде бардык шарттар түзүлгөн

Бүгүнкү күндө, эксперттердин маалыматына ылайык, эмгек миграциясында 800 миңге жакын кыргызстандык бар


Оруссияда миграциялык каттоого 640 миңден ашык жаран турган.

Элчилик документтерди түзүү жана башка кызматтарды алуу боюнча биздин жарандарга максималдуу жардам көрсөтүүгө аракет кылып жатат, деп билдирди Россиядагы КР элчилигинин басма сөз катчысы Гульбарчын Байымбетова.

Анын айтымында, биздин өлкөнүн жарандарында Россия Федерациясында көптөгөн мүмкүнчүлүктөр жана жеңилдиктер бар.

"Өткөн жылы биздин эмгек мигранттары үчүн элчиликтин жанында күтүү залы курулган. Ошондой эле кыргыз диаспорасынын жардамы менен электрондук кезек аппараты орнотулду. Эми биздин жарандар топтолбой, талондор менен тиешелүү кызматтарды алышат", — деп белгиледи Байымбетова.

Ал күн сайын элчилик минимум 200-300 адамды кабыл алып, 100гө жакын документти иштеп чыгарын кошумчалады.

Кыргызстан чет өлкөлөрдүн эмгек рыногуна жумушчу күчүн камсыздоодон уялыш керек эмес, деп билдирди КР Соода-өнөр жай палатасынын өнөр жай саясаты, экспортту колдоо, инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Кубат Рахимов.

Эксперт "Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигинде" конференциясында сөз сүйлөдү.

"Литвадан ошол убакта ар бир төртүнчү жаран кетип калган. Чет өлкөгө кеткен бул адамдар эч жакка жок болуп кеткен жок, алар литвалыктар бойдон калышты жана өз мекенинин экономикасы жана өнүгүүсүнө чоң салым кошушту", — деп белгиледи ал.

Рахимовдун айтымында, бардык өлкөлөр эмгек рыногунан күрөшүүдө. Рахимов Кыргызстандагы эмгек мигранттарынын квалификациясы жана билим берүү маселеси бул жагынан кыйла маанилүү экенин белгиледи.
23-03-2018, 16:45
Вернуться назад