«Кирүүчүлөр бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү пайда табышат, бирок бул процесстен жабыркаган калк катмары үчүн кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Коргоо чараларын ар кандай жагдайда көрөбүз. ТСка кирүүдө тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган программа иштелип чыгат, жана бул маселе боюнча биз Россия жана Казахстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эмгек мигранттарынын маселесин да эске алуу керек. Алар боюнча программа Евразия экономикалык мейкиндигинде каралат. Демек, бул кийинки кадам болот. Мындан тышкары, бул маселени дагы тереңдетип иштейбиз», - деп түшүндүрдү министр.
Фактылар жана статистика - катуу нерселер. Биз ушул негизде парламентти Таможенный союзга кирүүнүн зарылдыгына ынандырууну пландап жатабыз.
Анын айтымында, өкмөт өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатуу үчүн бардык аракеттерди көрүшү керек.
«Биз кимдер менен экономикалык байланышта экенибизди эске алуу керек. Биздин Казакстан жана Россия менен соода мамилелеринин 41% түзөт, Беларуссия менен андан азыраак. Бизге жаңы ири рыноктор керек. Россияга биз темекини, жемиштерди, жашылчаларды экспорттойбуз, ал эми Казахстанга электр энергиясын, сүт азыктарын, кийимдерди, айнекти жиберебиз. Россиядан биз нефть, металл, кагаз импорттойбуз, ал эми Казахстандан ун, көмүр, минералдык сырьё алынып келет. Мен депутаттар биздин жарандар кайсы тармактарда иштеп жатканын түшүнүшөт деп ойлойм. ТС өлкөлөрү менен соода мамилелери бизди ушул союзга кирүүгө түрткү берди», - деди министр.
Министр ошондой эле «Дордой» базарындагы ишкерлер «базар токтоп калды, соода жок» деп нааразы болуп жатканын кошумчалады.
«Бул бардык Казакстан товарларды өткөрүүдө катаалдангандыктан болуп жатат. Бардык чек ара тиштүү зым менен жабылган. Эгер биз ТСка кирбесек, анда соода болбойт. Анткени ишкерлер алып келген бардык товарлар Россия жана Казахстан рынокторуна реэкспорттолот. ТСка кирүү менен бизге Казакстан жана Россиянын ири рыноктору ачылат. Бирок биз өз суверенитетибизди жоготпойбуз», - деп түшүндүрдү чиновник.