Европа Биримдиги Донецк жана Луганск облустарында кечээ өткөрүлгөн референдумдардын жыйынтыктарын тааныбайт. Бул тууралуу Европа Кеңешинин президенти Херман ван Ромпей брифингде билдирди, РБК-Украина агенттигинин кабарчысы билдирет.
"Биз Крым жана Севастопольду аннексиялоону тааныбай тургандай, кечээки аталган референдумду да тааныбайбыз", - деп баса белгиледи ван Ромпей.
Ал Европа Биримдигинин тааныган жалгыз шайлоо - бул Украина президентинин 25-майдагы шайлоосу экенин белгиледи.
Европа Кеңешинин башчысы ошондой эле Украинага демократиялык, тынч жана гүлдөгөн мамлекетти уюштуруу боюнча жалпы улуттук диалог керек экенине ишенерин билдирди.
Өз кезегинде Украина премьер-министри Арсений Яценюк 14-майда Киевде өткөрүлүүчү тегерек столдо Украина Конституциясына өзгөртүүлөр, бийликтин децентрализациясы, коррупцияга каршы чыныгы күрөш, экономикалык өнүгүү жана гуманитардык саясат (тил, тарых, маданият маселелери) сыяктуу маселелер талкууланарын белгиледи.