
Бүгүн, 2014-жылдын 12-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстандын Душанбе шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.
Жыйын учурунда мамлекет башчылары жыйынынын күн тартибин, кол коюуга даярдалган документтердин тизмесин, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кийинки жыйыны өтө турган жерди талкуулашты.
Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев диний экстремизмдин өсүшү, террордук топтордун Борбордук Азия өлкөлөрүнө кирүү коркунучу, ошондой эле региондогу наркотрафиктин көбөйүү тобокелдиги негизги көйгөйлөр экенин белгиледи. «Биздин оюбузча, жогорку деңгээлдеги өз ара аракеттенүү, Шанхай кызматташтык уюмуна катышуучулардын ортосунда максаттуу жана комплексдүү иш жүргүзүү гана мындай көрүнүштөргө эффективдүү тоскоолдук жарата алат», — деди Алмазбек Атамбаев өзүнүн сөзүндө.
Источник: focus.kg