Кыргызстанда ноябрь айында абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын тегерегинде болот.
Абанын температурасынын кескин төмөндөшү, суук ноябрь айынын үчүнчү декадасында күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Чүй облусунун айыл чарба зонасы
Орточо айлык температура климаттык норманын тегерегинде болот жана 3…5 градус жылуу болот, Кемин өрөөнүндө жана тоо боорлорунда 0 (1 градус суук...1 градус жылуу) чегинде болот. Айдын биринчи жана экинчи декадасында түнкүсүн абанын температурасы 2...7 градус, күндүз 10...15 градус менен 16...21 градус жылууга чейин өзгөрөт. Тоо боорлорунда жана Кемин өрөөнүндө түнкүсүн абанын температурасы 2 градус суук...3 градус жылуу, күндүз 12...17 градус жылуу болот.
Айдын үчүнчү декадасында түнкүсүн абанын температурасы 7...12 градус суукка чейин төмөндөшү күтүлүүдө, күндүз 2 градус суук...3 градус жылуу. Тоо боорлорунда жана Кемин өрөөнүндө түнкүсүн 10...15 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн, күндүз 0...5 градус суук. Айлык жаан-чачындын көлөмү норманын тегерегинде болот (40-49 мм, тоо боорлорунда 23-37 мм).
Талас облусунун айыл чарба зонасы
Орточо айлык температура климаттык норманын тегерегинде болот жана 2…4 градус жылуу болот. Айдын биринчи жана экинчи декадасында түнкүсүн абанын температурасы 0...5 градус жылуу, күндүз 8...13 градус менен 15...20 градус жылууга чейин өзгөрөт. Айдын үчүнчү декадасында түнкүсүн абанын температурасы 9...14 градус суукка чейин төмөндөшү күтүлүүдө, күндүз 0...5 градус суук. Айлык жаан-чачындын көлөмү норманын тегерегинде болот (28-29 мм).
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айыл чарба зонасы
Орточо айлык температура климаттык норманын тегерегинде болот жана 5…7 градус, тоо боорлорунда 3...5 градус жылуу болот. Айдын биринчи жана экинчи декадасында түнкүсүн абанын температурасы 5...10 градус, күндүз 13...18 градус менен 19...24 градус жылууга чейин өзгөрөт. Тоо боорлорунда түнкүсүн абанын температурасы 0...5 градус жылуу, күндүз 13...18 градус жылуу болот. Айдын үчүнчү декадасында түнкүсүн абанын температурасы 1...6 градус суукка чейин төмөндөшү күтүлүүдө, күндүз 2...7 градус жылуу, тоо боорлорунда түнкүсүн 3...8 градус суукка чейин төмөндөшү мүмкүн, күндүз 0...5 градус жылуу. Айлык жаан-чачындын көлөмү нормадан аз болот, тоо боорлорунда норманын тегерегинде (26-56 мм, 32-96 мм).
Иссык-Куль облусунун айыл чарба зонасы
Орточо айлык температура климаттык норманын тегерегинде болот жана 2…4 градус жылуу, Иссык-Куль ойпатынын чыгышында 0 градус (1 градус суук...1 градус жылуу) чегинде болот. Айдын биринчи жана экинчи декадасында түнкүсүн абанын температурасы 1...6 градус, күндүз 10...15 градус жылуу, Иссык-Куль ойпатынын чыгышында 12...17 градус жылуу болот. Айдын үчүнчү декадасында түнкүсүн абанын температурасы 3...8 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө, Иссык-Куль ойпатынын чыгышында 8...13 градус суукка чейин төмөндөшү мүмкүн, күндүз 0...5 градус жылуу. Айлык жаан-чачындын көлөмү норманын тегерегинде болот (1-17 мм, чыгышында 25-46 мм).
Нарын облусунун айыл чарба зонасы
Орточо айлык температура климаттык норманын тегерегинде болот жана 1…3 градус суук болот. Айдын биринчи жана экинчи декадасында түнкүсүн абанын температурасы 0...5 градус суук, күндүз 8...13 градус жылуу болот. Айдын үчүнчү декадасында түнкүсүн абанын температурасы 10...15 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө, күндүз 0...5 градус суук, Ат-Башы районунда түнкүсүн 15...20 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн, күндүз 6...11 градус суук. Айлык жаан-чачындын көлөмү нормадан аз болот (4-15 мм).