Япония туристтик салык киргизүүнү пландаштырууда
Жыл сайын ал $350 миллионго жакын киреше алып келет. Ошентип, 2019-жылдан баштап, өлкөдөн чыгып жаткан ар бир туристтен 1000 йен (чейин $9) өлчөмүндө салык алынат.
Салык чет элдиктер үчүн гана эмес, япон жарандары үчүн да күчүндө болот деп белгиленди.
Салык авиабилет же башка транспорт түрлөрүнүн баасына киргизилет деп пландалууда. Бул киреше булагына Япония өкмөтү 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпийдик оюндар менен байланышкан туристтик сектордун динамикасынын өсүшүнө байланыштуу ишенет.