Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Рамзан Кадыров кыргызстандык жарандан белек катары ат алды

Рамзан Кадыров кыргызстандык жарандан белек катары ат алды

Рамзан Кадыров кыргызстандык жарандан белек катары ат алды

Кыргызстандык Болот Омуралиев Рамзан Кадыровго "американский рысак" породасынан ат белек кылды.



Бул тууралуу Чеченстандын башчысы өзүнүн инстаграм баракчасында жазды.

"Кыргызстандык жаран Болот Омуралиев мага баа жеткис белек берди. Бул - Кыргызстанда төрөлгөн "американский рысак" породасынан ат. Бирок белек анын тукумдук жана чабыш сапаттарына байланыштуу эмес, менин жүрөгүм үчүн бул ат таза кандуу чабыш аттардан жана Гран-при ээлеринен да кымбат. Болот аттын моюнундагы жараны байкап, Аллахтын атын кайталаган узундукту көрдү. Ал атты мага белек кылууну каалады, ал эми биздин мекендеш Рустам Алиев ташуу боюнча жардам берди. Мен атты чечен элине белек катары чоң ыраазычылык менен кабыл алдым. Чабыш ат үчүн жакшы шарттар түзүлдү, ага тиешелүү кам көрүлөт" - деп бөлүштү Кадыров.
20-11-2017, 22:31
Вернуться назад