Ош шаарында Кыргызстан боюнча жаштардын бокс боюнча чемпионаты аяктады. Бул тууралуу КРдин аталган спорт федерациясы билдирди.
Сынактарга 2000-2001-жылдары туулган 137 спортчу катышты. 49 килограмм салмак категориясында биринчи орунду Асанкул уулу Султан (РУОР) алды, 52 кг – Муса Тешебаев (Ош облусу), 56 кг – Санжар Сейдакматов (Бишкек). 60 кг салмакта Кубанычбек уулу Умар жеңди, 69 кг – Рустамбек уулу Нурадин (экиси да Джалал-Абад облусунан), 64 кг – Эгемберди уулу Адилет (Иссык-Куль облусу).
75 кг категориясында эң мыктысы Жумабек уулу Дастан, 81 кг – Ильяс Ниязов (экиси да Чүй облусунан), 91 кг – Ислам Бектенов, 91 кгдан жогору – Ахмед Усупов (экиси да Бишкектен). Турнирдин мыкты машыктыруучусу Акыйкат Абаев («Бишкек ШОР»), мыкты боксчу Кубанычбек уулу Умар деп табылды.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте чоңдор арасында КР боюнча бокс чемпионаты өткөрүлгөн.