Спорттук календарь 29-ноябрдан 3-декабрга чейин.
29 ноябрь — 7 декабрь. Каражаттары чектелген адамдар арасында пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионаты. Мехико (Мексика)
Кыргызстанды беш спортчу, анын ичинде Параолимпия оюндарына катышкан Эсен Калиев жана Жыргалбек Оросбаев өкүлчүлүк кылат.
29 ноябрь — 8 декабрь. Футбол боюнча Tsunami Cup 2017 эл аралык мелдеши. Индонезия
Индонезия, Кыргызстан, Монголия жана Брунейдин командалары катышат. Футболчулардын жаш категориясы — 23 жашка чейин. Мелдештин максаты — 2018-жылдагы жайкы Азия оюндарына даярдык.
30 ноябрь — 3 декабрь. Карате боюнча дүйнө кубогу (WKC версиясы). Минск (Беларусь)
Бир нече жаш категориясында эң күчтүүлөрдүн наамын 1000ден ашык мушкер талашат. Кыргызстандан белгилүү Александр Сурков катышат.
1-2 декабрь. Бишкектин мэринин кубогу боюнча сүзүү мелдеши. Бишкек, «Дельфин» бассейни, 10.30
Медалдар төрт жаш категориясында ойнолот. Жеңүүчүлөр үч дистанцияда жыйналган упайлардын суммасы боюнча аныкталат.
1-3 декабрь. Кыргызстан боюнча пенчак силат кубогу. Бишкек, «Беш-Сары» спорт комплекси
Бул экзотикалык спорттун мелдештери жакында Кара-Балтада өттү. Эми анын кезеги борбордук спорт сүйүүчүлөрүнө келет.
2 декабрь. Жеңил атлетика боюнча чуркоо. Бишкек, Э.Гареев атындагы ботаникалык бак, 10.00
Иш-чара СПИДге каршы дүйнөлүк күнгө арналган. Девиз — «Менин ден соолугум — менин укугум».
3 декабрь. Бишкектин WT таэквондо боюнча ачык чемпионаты. Бишкек, № 62 гимназия, 9.00
Турнир 2008-2010-жылдары туулган балдар, 2006-2007-жылдары туулган өспүрүмдөр жана 2003-2005-жылдары туулган кадеттер арасында өткөрүлөт. Мелдештин максаттарынан бири — Кыргызстанда ушул спорттун түрүн популяризациялоо.
3 декабрь. Кыргызстан боюнча шинкиокушинкай карате боюнча ачык чемпионат. Бишкек, Кожомкул атындагы спорт сарайы, 10.00
Бул спорттун өкүлдөрү чет өлкөдөгү турнирлерде дайыма ийгиликтерди жаратат. Эми алар өз мекенинде да ийгиликке жетүүнү каалашат. Медалдар үчүн жергиликтүү спортчулар гана эмес, казакстандыктар да күрөшөт.