КФС 2025-жылдагы Премьер-Лиганын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды: жалпы сыйлык фонду $150 миңди түздү.
Кечээ, 8-ноябрда, 2025-жылдагы Премьер-Лига боюнча 26-турдун алкагында маанилүү матчтар өттү, алардын жыйынтыгында чемпионаттын жеңүүчүлөрү белгилүү болду. КФСтин маалыматы боюнча, Караколдогу Ынтымак Арена стадионунда «Барс» командасы менен Беш-Күңгөйдөгү «Талант» командасынын ортосунда титул үчүн акыркы беттеш өткөрүлдү. Бул чыңалган беттеште турнирдин дебютанты «Барс» жеңишке жетип, алтын медалдар жана чемпиондук трофей менен сыйланды. Караколдук клуб $70 миң өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ