
Алматыдагы мелдеште алтын медалды кыргызстандык Сергей Аслаповский «90 кг чейин бодибилдинг» категориясында утуп алды. Кыргызстандан Константин Пушняков «180 см чейин классикалык бодибилдинг» категориясында үчүнчү орунду алды. «168 см чейин бодифитнес» категориясында үчүнчү орунду Любовь Малеева ээледи.
– Кыргызстандын спортчуларынын Казакстандагы чемпионаттагы жеңиши, КРда мыкты бодибилдерлер бар экенин дагы бир жолу далилдейт, – дейт ИА Людмила Ельгина, Кыргызстандын курама командасынын расмий өкүлү. – Биз 4-октябрда Астанада өтө турган эл аралык чемпионатка спортчуларыбыз үчүн билет алдык. Ушул жерде да кыргызстандык спортчулар мыкты натыйжа көрсөтөт деп үмүттөнөм!
Ельгина айымдын айтымында, кыргызстандык бодибилдерлердин потенциалы өтө жакшы, бирок республикадагы бул спорттун негизги көйгөйү – спортчулардын чет өлкөдөгү мелдештерге өтө сейрек чыгышы.
– Алматыдагы чемпионатта биздин спортчулар абдан катаал судьялыкка таң калышты. Кыргызстанда бодибилдинг жана фитнес мелдештери көбүрөөк достук мүнөзгө ээ. Бирок бул биз үчүн пайдалуу тажрыйба болду, келечектеги мелдештерде биздин жигиттер өздөрүн 100 пайыз көрсөтүшөт, – деп белгиледи Людмила Ельгина.