Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / КР хоккейчилери республика чемпионатын ачышты

КР хоккейчилери республика чемпионатын ачышты

КР хоккейчилери республика чемпионатын ачышты
Бишкекте өткөн дем алыш күндөрүндө хоккей боюнча республикалык чемпионат башталды. Сорунга даярдыктагы кыйынчылыктарга карабастан, жарышка катышкан командалар музга чыкты.

- Сорунга төрт команда катышууда: Бишкектеги «Арстан», «Локомотив», «Хан-Тенгри» жана Жумгалдан «Байзак». Алар айланма система боюнча ойношот. Биринчи туурда 11-декабрда «Хан-Тенгри» клубу 9:0 эсебинде «Байзакты» жеңди, ал эми «Арстан» «Локомотивден» күчтүү болуп, 7:3 эсебинде утту. 13-декабрда «Локомотив» «Байзакты» 12:2 эсебинде жеңип чыкты, - деп билдирди КРнын Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы.
Экинчи чечүүчү туурдун оюндары 18 жана 20-декабрга белгиленген.
15-12-2015, 12:54
Вернуться назад