24-декабрда 2015-жылга шаардык мэриянын физикалык тарбия жана спорт боюнча комитетинин ишинин жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чаранын алкагында жыл бою өткөн он номинация боюнча байге ээлерине жана жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Жеңүүчүлөр төмөнкү категорияларда аталды: «Эң мыкты тренер», «Эң мыкты спортчу», «Жылдын эң мыкты командасы», «Физикалык тарбия боюнча эң мыкты мугалим» жана башка. Спортту чагылдырууда жылдын эң мыкты ЖМКсы катары мэрия жана Шаардык спорт комитети биздин «Мегаполис» гезитин тандашты.
Сыйлыкты вице-мэр Айгуль Рыскулова менен Шаардык спорт комитетинин төрагасы Абдужалил Юнусов спорт журналисти Ксения Толканевага тапшырды. Ар бир жумада биздин гезиттин беттеринде биз белгилүү спортчулар, тренерлер жана ар кандай спорт түрлөрү тууралуу айтып беребиз.