Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / III Дүйнөлүк кочмондор оюндарынын жыйынтыктары чыгарылды

III Дүйнөлүк кочмондор оюндарынын жыйынтыктары чыгарылды

III Дүйнөлүк кочмандар оюндарынын жыйынтыктары чыгарылды

Кыргызстандын курама командасы III Дүйнөлүк кочмандар оюндарынын медалдык эсепте биринчи орунда


III Дүйнөлүк кочмандар оюндарынын уюштурулушуна республикалык бюджеттен 303,1 млн. сом бөлүнгөн (2016-жылы II ДКО үчүн 258,6 млн. сом бөлүнгөн). III Дүйнөлүк кочмандар оюндарынын спорттук бөлүгүнүн жалпы сыйлык фонду 28 млн. сом, маданий бөлүгү 7 млн. сом деп бекитилген.

Оюндардын программасына 37 спорт түрү киргизилген (2016-жылы 23 спорт түрү). Кочмандар оюндарына 103 өлкөдөн спортчулар чакырылган, 74 өлкөдөн 1976 катышуучу келген.

2014-жылы өткөн I Дүйнөлүк кочмандар оюндарына 19 мамлекеттен 583 спортчу катышканын эске салабыз.

Соревнования 10 спорт түрү боюнча өткөн.

Ал эми 2016-жылы II Дүйнөлүк кочмандар оюндарына катышуучулардын саны көбөйгөн. Анда 62 өлкөдөн 1200 спортчу 26 спорт түрү боюнча медалдар үчүн күрөшүшкөн.

Кочмандар оюндары дүйнөлүк басма сөздө кеңири чагылдырылган. Аккредитацияланган 571 журналисттин ордуна 56 өлкөдөн 604 чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлү катышкан. Алардын ичинен 50 телеканал, 12 радиостанция, 67 маалымат агенттиги, 48 гезит жана 50 блогер бар.

III Дүйнөлүк кочмандар оюндары дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө трансляцияланган.

Ошондой эле кочмандар оюндары 70 отандык массалык маалымат каражаттарынан 700дөн ашык өкүл тарабынан чагылдырылган. Алардын ичинен 26 интернет басылмасы, 7 радио, 30дан ашык мамлекеттик, облустук, жеке телеканалдар, 12 басма басылма бар.

Иш-чараны чагылдырууда BBC, The New York Times, Financial Times, National Geographic Society, Associated Press, канадалык Journal of Nomads, Aljazeera network, CCTV, казакстандык «Хабар» сыяктуу белгилүү басылмалардын өкүлдөрү катышкан.

Оюндардын жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар 40 алтын, 32 күмүш жана 31 коло медаль утушкан. Командалык эсепте КР курама командасы биринчи орунду ээлеген.

Экинчи орунду ээлеген Казакстан спортчулары 18 алтын, 24 күмүш жана 34 коло медаль утушкан. Командалык эсепте 3-орунду ээлеген россиялыктар 17 алтын, 12 күмүш жана 27 коло медаль утушкан.

III Дүйнөлүк кочмандар оюндарынын жыйынтыктары чыгарылды

Торжестволук иш-чара чет өлкөдөн келген аткаруучулардын концерттери менен кооздолгон: “Akcent”, “Dschinghis Khan”, “La boush”, “Корни”, Эквадордук музыкант Лео Рохас, Франциядан келген аткаруучулар Мурат Бурауи жана Ален Депардье, Өзбекстандан келген конок Озода Нурсаидова жана башкалар. Ошондой эле концертте отандык аткаруучулар Мирбек Атабеков, Гулнур Сатылганова, Кайрат Примбердиев, Токтобек Асаналиев, «Аура» тобу, «Камбаркан» фольклордук этнографиялык ансамбли жана башкалар чыгышат.
11-09-2018, 21:02
Вернуться назад