
Кыргызстандык Чынарбек Изабеков дүйнөлүк эркин күрөш чемпионатында «коло» медаль утту, ал Македониянын борбору - Скопье шаарында өтүп жатат.
Расмий мелдештин сайтына ылайык, Чынарбек Изабеков 50 жашка чейинки балбандардын арасында 100 килограммга чейинки салмак категориясында катышып, төрт беттеш өткөрдү. Четвертьфиналда ал болгардын спортчусу Стефан Иванов Георгиевди 2:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда анын атаандашы россиялык Виталий Перфильев болуп, ага 2:3 эсебинде жеңилип калды. Бирок үчүнчү орун үчүн күрөшүндө кыргызстандык түштүк африкалык балбан Петер Фредерик Ду Преезди 4:0 эсебинде жеңди.
Чынарбек Изабеков дүйнөлүк эркин күрөш чемпионаттарына төртүнчү жолу катышууда. Мурда ал мындай деңгээлдеги турнирдеги эки жолу жеңүүчү болгон.
Алгачкы алтын медалын кыргызстандык 2015-жылы Грецияда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта 40-45 жаштагы спортчулар арасында 85 килограммга чейинки салмак категориясында утуп алган. Кийинки жылы ал дагы биринчи орунду ээлеп, 46-50 жаштагы спортчулар арасында 97 килограммга чейинки салмак категориясында жеңишке жеткен.
Эсиңиздерге сала кетсек, ушул эле чемпионатта, Македонияда өтүп жаткан ветерандардын арасында, Кыргызстанга «коло» медальды мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев алып келген.