
БИЗ СЕНИМЕН ГОРДОНОБЗ КСЮША!
Кыргызстандык спортчу Ксения Сидоренко таэквондо боюнча Азия чемпиондугунда жана кубогунда бардык медалдарды утуп алды.
Турнир 2019-жылдын 26-30-июнунда Чолпон-Ата шаарында өттү.
Кыргызстанда жеңишке умтулган көптөгөн спортчулар бар. Бирок, мамлекеттин алсыз колдоосу спортчулардын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк бербейт. Анткени, биздин таэквондочулар үчүн ар бир мелдешке көп суммадагы акча талап кылынат. Натыйжада, мүмкүнчүлүк болбосо, бала республикадан чыгып, өз жетишкендиктерин көрсөтө албай калат. Эгерде биздин спортчулардын бардык чыгымдары төлөнсө, анда спортко жаштардын баары тартылат.