Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Премьер-министр жеке өзү Кыргызстандын командасына ийгилик каалады

Премьер-министр жеке өзү Кыргызстандын командасына ийгилик каалады

6-майда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Джоомарт Оторбаев футбол боюнча өлкөнүн курама командасынын мүчөлөрү менен жолугушту. Команда «АФКнын чакыруусу кубогунун» оюндарына катышуу укугун жеңип алды, ал 19-31-майда Мальдив аралдарында өтөт.

«Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын жетекчилигине, биздин өлкөдө бул спорттун түрүн популярлаштыруу жана өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшаганына ыраазычылык билдиргим келет. Футболду өнүктүрүү керек, анткени бул жердеги эң популярдуу спорттун түрү, анын миллиондогон күйөрмандары бар. Мен, убакыттын өтүшү менен, биздин өлкөдө да бизди өз оюндарында кубантуучу жылдыздар пайда болот деп ишенем», — деди Джоомарт Оторбаев жолугушууда.

«Сиздерге, футболчуларга, машыктыруучуларга «АФКнын чакыруусу кубогу» оюндарына көңүл буруу керек, анткени бул оюнда жеңиш XVI Азия чемпионатына Австралияда катышуу укугун берет. Келечектеги оюндары кыйын болот, анткени бул этапта жеңил атаандаштар жок. Ошондуктан, ар бир оюнга максималдуу көңүл буруу, даярдык жана жеңишке болгон каалоо керек – ошондо сиздер берилген тапшырманы аткарасыздар. Сиздерге ийгилик жана жаркын жеңиштерди каалайм», — деп жыйынтыктады Оторбаев.
Премьер-министр жеке өзү Кыргызстандын командасына ийгилик каалады

Кыргызстандын курама командасынын «Чакыруунун кубогунда» ийгиликтүү чыгышы үчүн Футбол федерациясы чет өлкөлөрдө бир нече окуу-машыктыруучу жыйындарды өткөрдү, ошондой эле Эстония, Молдова, Беларус, Азербайжан, Кувейт, Индонезия жана Афганистан улуттук курама командалары менен достук матчтарын өткөрдү.

Кечээ улуттук курама команда Кувейтке кийинки жыйындарды өткөрүү үчүн учуп кетти. УТС алкагында Афганистан (12-май) жана Кувейт (16-май) курама командалары менен достук оюндары да каралган. Бул жыйын 17-майга чейин уланат, андан кийин биздин футболчулар Мальдивдерге жөнөшөт.
13-05-2014, 16:23
Вернуться назад