Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Эл аралык Ысык-Көл спорт оюндары сентябрда өтөт

Эл аралык Ысык-Көл спорт оюндары сентябрда өтөт

Эл аралык Ысык-Көл спорт оюндары сентябрда өтөт


XIV Эл аралык Ысык-Көл спорт оюндары 4-сентябрдан 12-сентябрга чейин өтөт. Бул тууралуу оюндарды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында маалым болду.

Маалыматка ылайык, спорт оюндарынын максаты – дене тарбия жана массалык иш-чараларды өнүктүрүү, СНГ, ШОС өлкөлөрүнүн элдери арасында достукту сактоо. "2001-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул оюндар эл аралык статуска ээ жана Кыргыз Республикасын эл аралык байланыштарды бекемдөө, имиджин көтөрүү максатында өткөрүлөт", - деп белгиледи вице-премьер-министр Элвира Сариева.

Уюштуруу комитетинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча Сариева "Азия – кызматташтык жана тынчтык аймагы" девизи менен спорт оюндарына даярдыкты убагында жана толук кандуу жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
1-07-2014, 22:03
Вернуться назад