Кыргызстандык балет артисти Сочиде өткөн конкурста 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 12-19-июнь күндөрү Сочиде жана Краснодарда (Россия) Юрий Григоровичтин "Дүйнөлүк жаш балет" аттуу V Эл аралык конкурсу өттү. Кыргызстанды бийчи Марат Сыдыков көрсөттү.
Маалыматка караганда, 12 өлкөдөн келген артисттик жаштар бешинчи жолу Сочиде дүйнөгө белгилүү хореограф жана балетмейстер Юрий Григоровичтин жетекчилигинде чогулушту. Конкурска катышкан 63 катышуучудан Марат Сыдыков лауреат наамына ээ болуп, күмүш медаль менен сыйланды.
"Сыдыков Сочидеги сахнага өз эсебинен барды. Колдоонун жоктугу ага сыйлыктык орунду ээлөөгө тоскоол болгон жок", - деп белгилешти Минкульттан.
МаалыматМарат Сыдыков Бишкек шаарындагы Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайында баштапкы хореографиялык билим алган. 2006-жылдан бери Англиянын улуттук балет мектебинде окуусун уланткан. Мараттын мугалимдери - анын атасы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Кубанычбек Сыдыков жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Роза Таирова. 2010-жылдан бери А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында солист болуп иштейт.