Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Бильярд: жаштар дүйнө чемпионатынын финалы

Бильярд: жаштар дүйнө чемпионатынын финалы

Бильярд : финал юношеского чемпионата мира

Жаштардын дүйнөлүк чемпионатынын финалында эки кыргызстандык ойнойт

Бильярд боюнча "комбинирленген пирамида" дисциплинасында жаштардын дүйнөлүк чемпионатынын финалына Кыргызстандын бильярдчылары чыкты.
Соревнованиянын расмий сайтына ылайык, жарым финалдык беттеште Дастан Лепшаков Россиядан келген Иосиф Абрамов менен беттешти. Кыргызстандык атаандашын 5:0 эсебинде жеңип, таза жеңишке жетти.
Экинчи финалдык беттеште Чыңгыз Жолочиев украин бильярдчысы Андрей Клестов менен ойнойт. Атаандаштар жети партияда ойношуп, Жолочиев беш партияда жеңишке жетип, беттештин эсеби 5:2 болду.
Эми дүйнөлүк чемпионаттын алтын медалы үчүн эки кыргызстандык - Лепшаков жана Жолочиев күрөшөт.
Жарым финалда жеңилген Клестов жана Абрамов дүйнөлүк чемпионаттын коло медалдарына ээ болушат.
Эскертүү керек, чемпионатка Эл аралык бильярд конфедерациясы тарабынан бөлүнгөн квоталар боюнча 32 катышуучу чакырылган. Кыргызстандын уюштуруучусу катары 12 оюнчу катышууда.
Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда "комбинирленген пирамида" дисциплинасында бильярд спорту боюнча эки дүйнөлүк чемпионат өтөт. Ысык-Көлдүн жээгинде 23-августта жаштар арасында дүйнөлүк чемпионат башталды, 27-31-августта эркектер арасында чемпионат өтөт. Ачылышы 27-августта "Рух-Ордо" этнокомплексинде белгиленген.
26-08-2014, 15:24
Вернуться назад