Кыргызстандын туулган кызы Валентина Шевченко Кытайда өткөн Super-8 эң күчтүү мушкерлер турнирин жеңди. Бул тууралуу Кыргызстандын тай боксу федерациясы билдирет.
Анын маалыматына ылайык, кеченин алкагында дүйнө чемпиондук наамдарына ээ болгон сегиз кыз турнирдын жеңүүчүсүнүн белегин алуу үчүн күрөшүштү. Биринчи беттеште Шевченко италиялык Элиза Куализзени упай менен жеңди, үч раунд бою үстөмдүк кылды. Судьялардын бир добуштуу чечими менен Валентина бул турнирдеги биринчи беттешин жеңди. Экинчи беттеште Валентина турнирдын ээсі Ванг Ян менен беттешти, ал биринчи раундда канадалык Франсэз Ватанайюну нокаутка учураткан.
Валентина да, кытайлык мушкер да тобокелге баргысы келген жок, жана беттеш абдан катаал дистанцияда башталды. Бул беттеште Валентина өзүнүн мыкты сапаттарын көрсөтүп, ылдамдыгы жана техникасынын ар түрдүүлүгү менен кытайлык атаандашынан ашып түштү. Бул беттеш дагы Шевченконун пайдасына аяктап, ал финалга чыкты.
Турнирдин финалында Шевченко Россиянын ушу боюнча дүйнө чемпиону Ирина Мазепа менен беттешти. Бул беттеште Валентина биринчи раундда нокаутка жетишти. "Беттеш дароо башталды, эки тараптан да разведкасыз, колдор жана буттар менен соккулар алмашылды. Иринанын бокстогу даярдыгы жакшы болсо да, Валентина жакшыраак жана так болду. Так кол соккулары менен ал атаандашын деморализдеди, анын коргонусун жараксыз кылып, жон жагынан бөйрөккө күчтүү сокку (долеочаги) уруп, рефери россиялык спортчунун нокдаунун эсептеди. Мазепа тез арада өзүнө келди жана кайрадан чабуулга чыкты, бирок Валентинанын соккусу, күчтүү жана так айланма сокку (долеочаги, маваши) башына, финалдык беттеште чекит койду", - деп билдирет федерация.
Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотовдун айтымында, анын окуучусу кыскача эс алгандан кийин Бангкокто (Тайланд) машыгууларын улантат, андан кийин октябрда кайрадан Макаодо рингге чыгышы керек.
Эскертүү катары, акыркы жылдарда Шевченко Перуда машыгып, жашап, ошол өлкөнүн желеги алдында чыгышууда.
Булак:
vb.kg