Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Тогуз коргоол: ½ финалда Кыргызстан-1 – Алтай, Кыргызстан-2 – Казакстан беттешет

Тогуз коргоол: ½ финалда Кыргызстан-1 – Алтай, Кыргызстан-2 – Казакстан беттешет

Тогуз коргоол: В ½ финала встретятся Кыргызстан-1 – Алтай, Кыргызстан-2 – Казахстан

Тогуз коргоол боюнча жарым финалда эркектер командаларынын арасында, Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда өтүп жаткан Көчмөндөрдүн Дүйнөлүк Оюндарынын алкагында Кыргызстан-1 – Республика Алтай, Кыргызстан-2 – Казахстан командалары беттешет.
Жарым финалда Кыргызстан-1 Германияны 2:0 эсебинде жеңди.
Республика Алтай Өзбекстан командасын дагы 2:0 эсебинде жеңди.
Кыргызстан-2 Россия-Поволжьени 2:0 эсебинде жеңди.
Казахстан командасы катаал күрөш менен АКШ-1 командасын 2:0 эсебинде жеңди.
Оюндар командалык эсеп боюнча «Playoff» – «стенка на стенку» системасы боюнча өттү.
Оюндардын жыйынтыгы боюнча 9-орунду Австрия командасы, 10-орунду Монголия, 11-орунду АКШ-2 командасы ээлеп, турниринин таблицасын Франциянын эркектер командасы жапты.
Турнирге жалпы 12 эркектер командасы катышты: Австрия, Германия, АКШ-1, АКШ-2, Франция, Казахстан, Монголия, Россия-1, Россия-2, Өзбекстан, Кыргызстан-1 жана Кыргызстан-2.
Тогуз коргоол боюнча мелдештин жалпы сыйлык фонду 1 млн сом, анын ичинен 300 миң сом жеке эсепте, 150 миңден эркектер жана аялдар үчүн. 1-орун үчүн 75 миң, 2-орун үчүн 50 миң, 3-орун үчүн 25 миң сом.
Калган 700 миң сом командалык эсепте бөлүштүрүлөт: 1-орун 400 миң (эркектер жана аялдар үчүн 200 миңден). 2-орун 200 миң (100 миңден) жана 3-орун үчүн 100 миң (50 миңден).
12-09-2014, 14:59
Вернуться назад