
2014-жылдын 3-апрелинде Екатеринбург шаарында (РФ) Туризм департаментинин орун басары М.Усубалиев, Кыргыз Республикасынын Генералдык консулдугунун консуласы Н.Токтосунова жана Свердловск облусунун экономика министринин орун басары Е.Новоторженцева жана Свердловск облусунун Туризмди өнүктүрүү борборунун директору Э.Туканова менен жолугушуу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, өз ара туристтик агымды көбөйтүү маселелерин талкуулашты.
Кыргыз тарап Россия Федерациясынан келген жарандардын санынын 2013-жылы 500 миңге чейин көбөйүү тенденциясын белгилеп, 2014-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу, Кыргызстан) өтө турган «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» фестивалы тууралуу маалымат берди.
Эзме: Туризм департаментинин пресс-кызматы