
Веб-сайттын маалыматы боюнча, россиялыктар арасында жакынкы чет өлкөлөрдө эң популярдуу эс алуу жери Батуми (Грузия) болуп саналат. Андан кийин (Абхазия), Клайпеда (Литва), Сухуми (Абхазия) жана Чолпон-Ата (Кыргызстан) орун алат. Ошондой эле «эң экономикалык эс алуу» номинациясында Абхазиянын борбору – Сухуми жеңишке жетти. Бир күндүк жашоо россиялык туристтер үчүн болжол менен 1,4 миң рубль турат.
Жакынкы чет өлкөлөрдүн эң бюджеттик шаарларынын рейтингинде Бишкек (күнүнө 1,2 миң рубль) биринчи орунду алды, ал эми эң кымбат шаар Баку болуп чыкты – болжол менен 6 миң рубль. Минск жана Тбилиси шаарларында жашоо 3 миң рубль чамасында, Алма-Атада эс алуу россиялык турист үчүн күнүнө 5 миң рубль турат.
Жакынкы чет өлкөлөрдүн эң популярдуу шаарларынын ондугунда Минск, Тбилиси, Алматы, Киев, Ереван, Баку, Астана, Бишкек, Кишинев жана Ташкент орун алды. Россиялык туристтер, туристтик фирмалардын аракети жок, жакынкы чет өлкөлөргө болжол менен төрт күнгө, ал эми курортторго – тогуз күнгө келишет.