Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / National Geographic Traveler Кыргызстанды 2016-жылдын негизги туристтик багыттарынын ондугуна киргизди

National Geographic Traveler Кыргызстанды 2016-жылдын негизги туристтик багыттарынын ондугуна киргизди

National Geographic Traveler Кыргызстанды 2016-жылдын негизги туристтик багыттарынын жыйырмалыгына киргизди
2016-жылдын негизги туристтик багыттарынын жыйырмалыгына журнал National Geographic Traveler Кыргызстанды киргизди.

travel.ru сайтынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда, атагы чыккан бийик тоолордагы Ысык-Көл көлү жайгашкан жерде, National Geographic Traveler редакторлору Токмок шаарындагы Балбалы таш эстеликтерин көрүүнү, Бишкектеги Ош базарын зыярат кылууну, Тянь-Шань тоолорунда жөө жүрүү жана ат менен экспедицияларды өткөрүүнү, ошондой эле реликттик токойлорду, радон булагын жана альпий пастбищолорун көрүүнү сунушташат. Ысык-Көлдө жогорку сезон июлдун ортосунан августтун аягына чейин уланарын эске алуу керек, ошондуктан жайкы эс алуу үчүн алдын ала брондоо зарыл.

Ошондой эле, жыйырмага төрт орус туристтик багыттары кирди. Бул Татарстандагы Свияжск аралы, Крымдагы Севастополь, Мурманск облусундагы Кольский жарым аралындагы Териберка айылы (атактуу «Левиафан» фильм тартылган жер) жана Байкалдагы Баргузин заповедниги.

Бул жылы зыярат кылууга тийиш болгон жыйырма жердин тизмесине Тбилиси (Грузия), Будапешт (Венгрия), Глазго (Шотландия), Нью-Йорк (АКШ), Сербия, Бургундия (Франция), Фландрия (Бельгия), Калабрия (Италия), Иран, Филиппиндер, Кондао архипелагы (Вьетнам), Эфиопия, Окаванго дельтасы (Ботсвана), Боливия жана Куба кирди.
16-03-2016, 10:27
Вернуться назад