
Учурда Бишкек — Дубай маршруту боюнча бир гана түз рейс бар
Кыргызстан Air Arabia авиакомпаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бул жазда Шарджа — Бишкек жана Шарджа — Ош рейстерин ачуу үчүн, деп билдирет КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
Шаршемби күнү Шарджа эмиратында (ОАЭ) КРнын Дубайдагы башкы консулу Айбек Маматбеков менен Шарджа Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Абдалла Султан Аль-Увейс менен жолугушуу болду. Кызматташтык боюнча кеңири маселелер талкууланды.
"Шарджа ТППнын төрагасы кыргыз тараптын Air Arabia авиакомпаниясы менен Шарджа — Бишкек жана Шарджа — Ош маршруттары боюнча ушул жылдын жайында туруктуу рейстерди ачуу боюнча сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат алды", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда ОАЭге Бишкек — Дубай маршруту боюнча бир гана түз рейс иштеп жатат.