Эксперт өкмөттүн жаңы ведомство түзүү идеясын колдоду
Кыргызстанда туристтик агенттик түзүү чечими кабыл алынганы жакшы, бул көптөн бери жасалышы керек эле. Мындай пикирди экс-туризм департаментинин башчысы, туристтик маркетинг боюнча эксперт Максат Чакиев билдирди.
- Биздин өлкөдө туризм эркин агымда, бул тармак дээрлик эч кандай контролго алынбайт, - деп ишенет ал. - Бир убакта бул жакшы эле болду - бизнеске өнүгүү оңой болду. Бирок азыр мамлекеттик орган керек, ал көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын көзөмөлдөйт. Департаментте андай ыйгарым укуктар жок.
Чакиев, мындай туризмди өнүктүрүү моделин Түркияда колдонгонун белгиледи.
- Биздин курортторду көп учурда түрк курорттору менен салыштырышат, - деп эскертип өттү ал. - Ал жакта да мамлекет бир убакта бул тармакты контролдобогон, бирок кийинчерээк туристтик министрлик пайда болду. Бул жакшы натыйжа берди. Биздин өлкөдө көптөгөн мейманканалар, пансионаттар жана эс алуу үйлөрү бар, бирок кызмат көрсөтүүнүн сапатын эч ким текшербейт. Башкача айтканда, эгер өрт болсо, анда ТЖКга кайрылсаңыз болот, эгер бир нерсе уурдалса, милицияга кайрылсаңыз болот. Бирок эгер сиз пансионатта кемсинтилсеңиз же шарттар жарыялангандан начар болсо, анда арызданууга эч ким жок. Бул функцияларды Туризм агенттиги өзүнө алууга тийиш.
Максат Жолдошбекович жаңы ведомство улуттук парктарды жана башка эс алуу жайларын да көзөмөлдөшү керек деп эсептейт.
- Бизде Манас ордо сыяктуу маданий объектилер бар, алар үчүн дагы кимдир бирөө жоопкерчилик алышы керек. Профсоюздар федерациясындагы эс алуу үйлөрү абдан жаман абалда. Аларга да көңүл бурулушу керек. Агенттик бул объектилерди башкарса, алынган кирешенин бир бөлүгүн бюджетке которуп, кээ бир каражаттарды туризмди өнүктүрүүгө калтырса болот, - деп жыйынтыктады ал.
Эскерте кетсек, мурда вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстанда Туризм агенттиги түзүлөөрүн билдирген. Азыркы учурдагы министрликтин алдындагы департамент жоюлат.