
Түштүк Кореяга учуп жаткан кыргызстандыктарга эт жана сүт азыктарын алып келүүгө тыюу салынат
Түштүк Кореянын карантин жана жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү инспекциялоо агенттиги 2019-жылдын 1-июнунан тартып Кореяга айрым азык-түлүктөрдү алып келүүгө тыюу салды.
Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, тыюу Африканын чочко чумасы жана канаттуулардын гриппинин пайда болушун алдын алуу максатында киргизилген.
Тыюу салынган азык-түлүктөрдүн тизмеси:
— эт жана эт азыктары: сиыр эти, чочко эти, тоок, ветчина, сосиска, колбаса, кургатылган эт, бышырылган эт, консервалар ж.б.;
— жаныбарлардан алынган азыктар: панты, сөөгү, жүн ж.б.;
— сүт азыктары: сүт, сыр, май ж.б.;
— жумуртка жана жумуртка азыктары: тоок жана канаттуулардын жумурткалары, жумуртка ак, жумуртка порошогу ж.б.;
— үй жаныбарларына арналган азыктар, закускалар, тамак-аш кошумчалары ж.б.
Эгерде Кореяга жогоруда аталган азыктарды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылынса, 5 миллион корей вонго чейин айып пул салынат (1$= 1155,57 вон).
Айып пулдун төлөнбөөсү 5 жылга өлкөгө кайра кирүүгө тыюу салынат.