Кыргызстан Олимпия оюндарына альтернативаны иштеп чыкты. Бул Дүйнөлүк кочмондор оюндары, алар быйыл 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин өтөт. Дүйнөлүк оюндардын программасына кок-бору, тогузкоргол, кыргызкурош, алыш, оодарыш жана башка оюндар киргизилген. Оюндарды Борбордук Азиянын тогуз өлкөсү колдоду. Проект Москвадагы кыргыз диаспоралары форумунда да сунушталды.
Жаңы имидждик инициативаны угууга каалагандар көп болду. Россия өкмөтүнүн өкүлдөрү да келишти. Проектти Москвада Асхат Акибаев сунуштады. Дүйнөлүк этнооюндар фондунун президенти кочмондор оюндары өлкөнүн өзгөчө бренди болуп калаарын белгиледи: “Ар бир өлкөнүн өз бренди болушу керек. Биз эч кимге окшошпошубуз керек. Бизди кандайдыр бир өзгөчөлүк менен айырмалап турушу керек, ал этнооюндар болот”.
Дүйнөлүк кочмондор оюндары - кочмондордун, анын ичинде кыргыздардын чыныгы руханий баалуулуктарын сактоонун дагы бир мүмкүнчүлүгү. Бул боюнча көптөгөн өлкөлөрдүн жандуу кызыгуусу бар. Чакты өлкөлөрдүн отуздан ашыгы түз трансляцияны убада кылышты. Оюндар учурунда Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Монголия, Молдова жана Россиянын субъекттери көптөгөн улуттук оюндар боюнча атаандашышат.
“Биз бул оюндардын келечекте Олимпия оюндары болооруна ишенебиз. Анткени бардык глобалдык нерселер үйдүн короосунан башталат, 심 심 Олимпия оюндары үч оюндан башталган”, - дейт Акибаев.
Кыргыз диаспоралары форумунда Асхат Акибаев бизнесмендердин кызматташышы үчүн үч долбоорду сунуштады. Алар медициналык, форумдук жана спорттук багыттар.
Дүйнөлүк кочмондор оюндары быйыл 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин өтөт. Алардын программасына кок-бору, тогузкоргол, кыргызкурош, алыш, оодарыш жана башка оюндар киргизилген.
Назира Ахмедова, Алтынхан Бабаев, Общественный Первый канал.