Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтык кеңешинин саммити жакынкы элдердин биримдигинин көрсөткүчү болду, деди А.Атамбаев.
Мамлекет башчысы жыл сайын саммиттин мааниси өсүп жатканын белгиледи. «Бишкекте өткөн саммитке 3 президент катышты, Габалдагы саммитте 4 президент болду, ал эми бүгүн алар бешөө. Мен жыл сайын түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин институтунун негиздери бекемделип жаткандыгына кубанычтамын. Биз Академия, Түрк мурастары фонду түздүк. Көчмөндөр оюндары өткөрүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле башка тармактарда келишимдерди карап жатабыз», - деди ал.
«Мен 2-3 негизги маселени чечүүгө багыт алуу биздин кызматташтыгыбызды бекемдеп, өкмөттөрүбүздүн сапаттуу ишине түрткү берет деп ишенем. Бүгүн Бодрум декларациясын кабыл алуу менен биз пайдалуу жана конструктивдүү кызматташтык үчүн шарттарды түзүүгө багыт алдык. Биз бул саммитте кабыл алынган катчылыктын демилгелерин толук колдойбуз. Кыргыз Республикасы экономикалык жана маданий өнүгүү үчүн бардык багыттар боюнча ички кызматташууга кызыкдар жана даяр», - деп кошумчалады А.Атамбаев.
Ал туризм мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана транспорт, соода жана маданият тармагындагы байланыштарды бекемдөөгө жардам берет деди. Анын айтымында, кызматташкан мамлекеттердин бардыгында туризмди өнүктүрүү үчүн мыкты шарттар түзүлгөн.
«Биздин мамлекеттердин табияты абдан кооз, аба таза. Тоолор, токойлор, суулар жана көлдөр бар. Кыргызстанда көптөгөн табигый жана рекреациялык ресурстар, улуттук, маданий жана тарыхый мурастар бар. Кыргызстан тарыхый-мәдени эстеликтерге бай. Алар Улуу Жибек жолунда жайгашкан. 50дөн ашык өлкөнүн жарандары Кыргызстанга визасыз же жеңилдетилген виза алуу режиминин жардамы менен кире алышат. Дүйнөлүк туризм уюмунун алдын ала маалыматы боюнча, эгер Кыргызстан туристтик тармакты тиешелүү деңгээлге жеткире алса, жылына 2,5 млн туристти кабыл ала алат», - деди ал.
А.Атамбаев «Түркиянын бул тармактагы үлгүсү Кыргыз Республикасына жакшы үлгү» экенин баса белгиледи.
«Түркиянын тажрыйбасын үйрөнүү, натыйжалуу колдонуу жана бардык өлкөлөрдүн туристтик тармагын өнүктүрүү үчүн регионалдык өнөктөштүк аркылуу гана мүмкүн. Тажрыйба алмашуу үчүн жыл сайын туристтик түрк көргөзмөлөрүн өткөрүүнү сунуштайбыз. Көргөзмөлөр учурунда тажрыйба алмашуу, туристтик тармактагы жетишкендиктерди көрсөтүү жана келишимдер түзүү мүмкүнчүлүгү болот. Мындай көргөзмөлөрдү өткөрүү үчүн Борбордук Азиянын перлеси Ысык-Көлдү сунуштайбыз. Анын туристтик мүмкүнчүлүктөрү чоң: санаторийден ден соолук жакшыртуудан баштап, тоо туризмине чейин», - деди ал.
«Сиздер өзүңүздөр билгендей, быйылкы күздө биз түрк дүйнөсүнүн архитектура жана шаар куруу боюнча эл аралык курултайын жана көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүн пландап жатабыз. Алар бири-бирибизди көбүрөөк таанып-билүү үчүн, анын ичинде туристтик тармакта маалымат алмашуу үчүн абдан маанилүү. Интернет, телевидение, байланыш, реклама сыяктуу маалымат технологиялары тармагында биргелешкен ишканаларды түзүүнү колдоо керек. Биз, албетте, Азербайжан президенти И. Алиевдин инвестициялык фонд түзүү боюнча сунушун колдойбуз», - деп жыйынтыктады мамлекет башчысы.