Эксперттер Кыргызстанда туристтик алтын казууну уюштурууну сунушташууда. Бул идеяны бүгүн «Кичи кен бизнеси - өлкөнүн жаңы өнүгүү чөйрөсү» деген тегерек столдо кен казуу тармагын өнүктүрүү стратегиясы боюнча эксперттер консорциумунун жетекчиси Валентин Богдецкий билдирди.
Анын айтымында, мындай практика дүйнө жүзүндө колдонулат. Ошондой эле, кен казуучу пайдалы казындыларды изилдөө иштерине көңүл бурууну сунушташууда. Кыргызстанда ири компаниялар үчүн кызыкчылык жаратпаган, бирок кичи ишканаларга киреше алып келе турган көптөгөн кен жайлары бар.
«Мамлекет кичи кен ишкерлигин мыйзамдаштыруусу керек. Муну менен катар жергиликтүү органдар бул сектор үчүн кен жайлары фондун карашы керек. Бул кен жайлары чет элдик инвесторлор үчүн жеткиликтүү болбошу керек. Кыргызстанда учурдагы нормативдик актылар кичи масштабдагы казуу үчүн акча бөлүштүрүү, долбоорлоо, кесиптик ооруларды алдын алуу боюнча аткарууга мүмкүн эмес. Мисалы, «Кумтордон» жана кичи кен жайынан бирдей акча бөлүштүрүү талап кылынат», - деп баса белгиледи Валентин Богдецкий.
Источник:
www.24.kg