Кыргызстандыктар Британиянын визасын алуу үчүн арыздарды Интернет аркылуу КРдеги Британия элчилигинин сайтында (www.gov.uk) бере алышат, деп билдирди Британиянын визалары жана иммиграция агенттигинин регионалдык өкүлү, Стамбулдагы Генералдык консулдуктун өкүлү Крис Уайт бейшемби күнү журналисттер менен болгон жолугушууда.
Бүгүн Британиянын Кыргызстандагы элчиси Джудит Фарнворт Бишкекте «Хаятт» отелинде мобилдик биометрикалык клиниканын ачылганын расмий түрдө жарыялады.
«Британияга виза алгысы келгендер онлайн режиминде арыз берип, төлөмдү жасай алышат, андан кийин арыз берүүчү менен жолугушуу убактысы белгиленет, ал белгиленген убакта ушул офиске келип, керектүү документтерди көрсөтүп, бармак издерин калтырат. Андан кийин документтер Стамбулдагы офиске жөнөтүлөт, ал жакта документтерди иштеп чыгуу жана чечим кабыл алуу үчүн чоң команда иштейт, андан кийин документтер Бишкекке кайтып келет, алар арыз берүүчүнүн үй дарегине да жетиши мүмкүн», - деди Крис Уайт.
Ал бардык процесс 15 күнгө созулаарын, визаны даярдоонун баасы £ 59 болорун белгиледи. Мындан тышкары, Уайт келечекте маалыматтарды түздөн-түз Бишкекте иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экенин, бул Британиянын визасын алуу үчүн арыздардын санына байланыштуу болорун кошумчалады.
Бул долбоордун коммерциялык өнөктөшү «Teleperformance» компаниясы болуп, ал процессинин техникалык жагына жооп берет. Компаниянын өкүлү Арно Грико компаниянын 101 өлкөдө 106 ушундай борбору бар экенин билдирди.
Эзм:
K-News