Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Кыргызстанда туристтик топтор үчүн Каркыра дарыясынын көпүрөсү аркылуу өтүүчү пропуск ачылды

Кыргызстанда туристтик топтор үчүн Каркыра дарыясынын көпүрөсү аркылуу өтүүчү пропуск ачылды

Кыргызстанда туристтик топтор үчүн Каркыра дарыясынын көпүрөсү аркылуу өтүү ачылды


17-июлдан 1-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Чаар-Кудук жайлоосунда эл аралык туристтик топтор үчүн Каркыра дарыясынын көпүрөсү аркылуу тоо туризми боюнча өтүү уюштурулат. Бул тууралуу 16-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирген.

Мындай чечим туристтик сезонду натыйжалуу уюштуруу жана тоо туризмин өнүктүрүү, ошондой эле 2014-жылдын 12-июлунда Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлеринин жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Туристтик топтордун Каркыра дарыясынын көпүрөсү аркылуу өтүүсү туристтик компаниялар менен алдын ала макулдашуу боюнча жүргүзүлөт, график алдын ала пландаштырылат.

Андрей Чумаков
Эзил: rus.kg
18-07-2014, 09:19
Вернуться назад