Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги Казакстан Республикасынын туристтери үчүн Кыргыз Республикасынын чек арасын кесип өтүү эрежелери тууралуу маалымдайт
Министрликтен маалымдагандай, 16 жашка толо элек Казакстан Республикасынын жарандарын чек арадан өткөрүү туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана сүрөтү бар кошумча кагаз менен, Казакстан Республикасынын жарандыгына таандык экендигин көрсөткөн документтин болушу менен жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасына, анын ичинде Ысык-Көлгө балдар менен саякаттоо үчүн, Казакстан жана Кыргызстан өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге ылайык, балдар үчүн төмөнкү документтер болушу керек:
- же 16 жашка толо элек баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, кошумча кагаз (сүрөтү менен) Казакстан Республикасынын жарандыгына таандык экендигин көрсөткөн;
- же ата-энелердин биринин паспортуна сүрөтү бар вклейка;
- же баланын өзүнүн паспорту;
Кошумча кагаздарды Казакстан Республикасынын жашаган жери боюнча миграциялык полициядан акысыз алууга болот. Кошумча кагаздын күчү алынган күндөн баштап бир жылга чейин.
Кошумча кагаз Миграциялык Полиция башкармалыгында даярдалат.
Алматы шаарынын тургундары үчүн Миграциялык Полиция башкармалыгынын дареги:
Карасай батыра көчөсү, 109а, Байтурсынов проспектиси менен кесилишкен. Терезе №1. Кошумча кагазды даярдоо үчүн төмөнкү документтерди алып келүү керек:
- Алматы шаарынын УМП ДВД башчысына жазылган арыз
- Ата-энелердин жеке күбөлүгүнүн оригиналы жана көчүрмөсү;
- Ата-энелердин нике күбөлүгү;
- Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- Баланын эки сүрөтү, өлчөмү 3*4 см;
- Ата-энелердин даректүү маалыматы. Даректүү маалымат ЦОНдон акысыз алынат, жеке күбөлүктүн оригиналы менен.
Ошондой эле, РК электрондук өкмөтүнүн сайтынан даректүү маалыматты алууга болот.
Кошумча кагаз 3 жумушчу күндүн ичинде даярдалат.
Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин: 09:00-13:00, 15:00-18:00
РК боюнча маалымат үчүн телефон: 8727-254-42-98, 254-42-21.