5-августта, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде Туризм департаменти менен Түштүк Кореянын «TOFA» компаниясынын ортосунда туризм тармагында кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду.
Бул документти туризм маселелерин көзөмөлдөгөн вице-министр Максат Чакиев жана «TOFA» компаниясынын директору Choi Seongryong Агротуристтик кластер (Tourist Farming Cluster) долбоорунун алкагында кол коюшту.
«Кол коюлган документ Кыргыз Республикасы үчүн жаңы багытты ачат, атап айтканда агротуристтик комплексин өзүнчө сектор катары өнүктүрүү. Бул долбоор бизге экологиялык жактан таза тамак-аш продуктусун алууга гана эмес, ошондой эле Кыргызстанда экологиялык туризмге кызыккан туристтерди тартууга мүмкүнчүлүк берет» – деп белгиледи Максат Чакиев.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Түштүк Корея бизнесинин Кыргызстандагы өсүп жаткан катышуусун эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин акыркы жылдардагы оң тенденциясы катары белгиледи.
Бул долбоордун демилгечиси Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Александр Лим болуп саналат. Ал бул компанияны тартуу боюнча белгилүү иштерди жүргүзгөн жана Меморандумга кол коюуну модерациялаган.
Бул долбоордун алкагында «TOFA» компаниясы айыл чарба секторун – жылыжайлар, өсүмдүктөрдү өстүрүү жана жылытуу үчүн каражаттар, кампалар, кесиптик билим берүү мекемелери, жатаканалар жана башка айыл чарба жабдуулары бар комплекстин (мини-шаар) курулушуна киришет. Туризм сектору мейманкана типиндеги үйлөрдү, автоунаа парктарын, сувенир дүкөндөрүн жана ресторандарды камтыйт. Агротуристтик кластер экологиялык жактан таза жана социалдык жактан жакшы жашоону камсыз кылган заманбап мини-шаарды түзүүнү билдирет.
Мындай шаарча айыл чарба продукцияларын, айыл чарба машиналарын жана жабдууларын камсыздап, айыл чарба менен алектенген үй-бүлөлөргө экологиялык үйлөрдү сунушташы керек.
Долбоордон күтүлгөн таасирлер:
- кошумча жумуш орундарын түзүү;
- жергиликтүү тургундардын экологиялык жактан достук технологияларды колдонуу боюнча тажрыйбасы аркылуу айыл чарбасын активдүү өнүктүрүү;
- туристтерди тартуу жана туристтик индустрияны өнүктүрүү.
Эсеп: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин пресс-кызматы