Горнолыжная база Кашка—Суу 2000 метр бийиктикте, Бишкек шаарынан 35 км алыстыкта, Оруу-Сай кооз капчыгайында жайгашкан. Кашка-Суу базасына жетүү үчүн Ала-Арча табигый паркынын жолунан өтүп, Кашка-Суу айылынан кийин Оруу-Сай лыжа базасына бараткан жолго бурулуш керек. Лыжа базасынан Чүй өрөөнүнө жана Кыргыз тоосуна керемет көрүнүш ачылат. Таза тоо абасы, камдалып жаткан трассалар, жаңы таасирлер жана таанышуу — мунун бардыгы сизди Кашка-Суу базасында күтүп турат.
Кашка-Суу лыжа базасында жыл бою иштеген мейманкана комплекси түзүлгөн. Бул жерде ден соолукка пайдалуу активдүү эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Эс алуучулар үчүн 65 орунга ылайыкташкан эки, үч жана төрт орундуу ыңгайлуу номерлери бар мейманкана бар.