
Шейнман Виктор Юльевич (1941),
медициналык илимдердин доктору (1990), профессор (1991)
Еврей. Ростов-на-Дону шаарында төрөлгөн.
Воронеж мамлекеттик медициналык институтун (1963) аяктаган.
РКБнын челюстно-лицевой стоматология бөлүмүндө иштеген, 1981-жылдан тарта КГМАнын хирургиялык стоматология кафедрасынын башчысы.
Хирургиялык стоматология жана челюстно-лицевой хирургия тармагында адис.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
110дан ашык илимий эмгектери жарыяланган, анын ичинде 1 монография, 1 окуу куралы, 12 ойлоп табуу.
Негизги эмгектери:
1. Асептикалык сезгенүү шартында кулак алдындагы шоргоо безинин айланасындагы кан айлануунун морфологиясы экспериментте (авторлоштук менен). //Анатомия жана гистология архиви, 1970, №2.
2. Экспериментте патологиялык абалдарды моделдөө жана операциялык кийлигишүүлөрдүн фонуна карата кулак алдындагы шоргоо безинин айланасындагы кан агымдын өзгөчөлүктөрү (авторлоштук менен). //Стоматология, анатомия боюнча 1-бүткүл союздук конференциянын материалдары. Москва, 1970. 444-450-беттер.
3. Түрдүү авто- жана аллогендик трансплантанттардын жардамы менен жүздүн жумшак жана опордук ткандарынын кемтиктерин жана деформацияларын пластикасы (авторлоштук менен). Бишкек, 1997.
4. Патологиялык абалдарды моделдөө жана операциялык кийлигишүүлөрдүн негизинде үзгүлтүксүз индивидуалдык окутуунун методикасы (авторлоштук менен). Методикалык сунуштар. Бишкек, 2000.
5. Төмөнкү жогорку челюшанын сыныктары жана алардын дарылануы (авторлоштук менен). //“Отоларингологиянын актуалдуу маселелери” жыйнагында. Бишкек, 2000.