Балдар лагери "Күндуу"
Балдар лагери "Күндуу" Жайгашкан жери: Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Чок-Тал айылында, Балыкчы шаарынан 50 км алыстыкта, Чолпон-Ата шаарынан 30 км алыстыкта. Жатак жай: Төрт корпус 200 адамды бир убакта кабыл алууга ылайыкташкан. Ар бир корпус эки отрядды (ар бир бөлмөдө 12 адам) жайгаштырат. Үй-бүлөлүк эс алуу үчүн санитардык түйүнү бар ыңгайлуу бөлмөлөр, ошондой эле 2 орундуу жыгач коттедждер сунушталат.