Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Пансионат Илбирс Саадат

Пансионат Илбирс Саадат

Илбирс Саадат пансионаты

Илбирс Саадат


Иссык-Кулдагы көптөгөн пансионаттардын арасында коноктор “Илбирс-Саадат” пансионатын уникалдуу мүмкүнчүлүгү үчүн тандайт: Иссык-Кулдун жумшак күнүндө күнгө күйүп, балалык кезинен бери жактырган тоо көлүнүн жээгинде сууга түшүп, түндүк жээктин таң калыштуу сулуулугунан ырахат алуу.

Илбирс Саадат Иссык-Кул көлүнүн түндүк жээгинде, Бостери айылында, “Кыргызстан Жаңы Деңиз” санаторийине бурулушта, санаторийге жетпей жайгашкан.

Жатак жай:

Бардык номерлер жакшы шарттар менен жабдылган.
Номурда санитардык узел, душ, ысык суу, телевизор, муздаткыч бар.
Илбирс Саадат пансионаты

Үч кабаттуу А корпусу:
Илбирс Саадат пансионаты

4 орундуу бир бөлмөлүү люкс 50 кв.м. (2 орундуу төшөк + эки тартылуучу диван)
2 орундуу бир бөлмөлүү люкс (эки бөлөк төшөк)

Эки кабаттуу Б корпусу:
Илбирс Саадат пансионаты

6 орундуу 3 бөлмөлүү террасасы бар – эки жатак бөлмө + зал (диван тартылат)
4 орундуу 2 бөлмөлүү террасасы бар – эки орундуу төшөк + залда диван
6 орундуу 3 бөлмөлүү жогорку комфортту террасасы бар (номердин абдан чоң квадратурасы)

Коттедж – 6 орундуу 3 бөлмөлүү – эки жатак бөлмө + залда диван

Коттедж – СРУБ (каедрдан) 6 орундуу 3 бөлмөлүү - эки жатак бөлмө + залда диван. Спутник ТВ, санитардык узел душ кабинасы жана ысык суу менен.

Тамактануу:
Илбирс Саадат пансионаты

Илбирс Саадатта жашоонун баасына тамактануу кирбейт. 3 мезгил тамактануу үчүн жеринде 550 сом (15 доллар) төлөнөт.

Илбирс Саадат пансионатындагы инфраструктура:

2 ачык бассейн бар (эресектер жана балдар үчүн)
бар-бильярд
сауна
кафе- Tavern "Уютный двор"
конференц-зал
балдар аянтчасы
волейбол аянтчасы
дүкөн
автомобилдер үчүн токтотуучу жай – 50 сом/күн

Пляж:

Пансионаттан 300 метр аралыкта, шаардык

Коопсуздук:

Территория жабык, милиция тарабынан корголгон, пансионаттын бардык жеринде видео байкоо бар.

Баалар, резервдөө жана башка маселелер боюнча кеңештер үчүн телефон номерлери:
+996(709)66 00 07, +996(550) 07 77 70

Пансионаттар
16-07-2021, 20:48
Вернуться назад