Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Националдык банктың нумизматикалык музейи

Националдык банктың нумизматикалык музейи

Кыргызстандын Улуттук банкынын Нумизматикалык музейи

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Музейи


1998-жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын базасында улуттук валютанын киргизилишинен 5 жылдык юбилейге арналган нумизматикалык экспозиция уюштурулган, ал эми 1998-жылдын декабрь айында көргөзмө нумизматикалык музейге айланган.

Улуттук банктын нумизматикалык музейинин экспозициясында Кыргызстандын аймагында байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейин колдонулган акча белгилери көрсөтүлгөн, бул Кыргызстандын аймагындагы акча жүгүртүүнүн тарыхын изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Улуттук банктын нумизматикалык музейи дайыма байыркы монеталардын, эски жана заманбап акча белгилеринин, ошондой эле кыргыз улуттук валютасы боюнча документалдык материалдардын коллекциясын толуктап турат, ошондой эле алардын илимий жана маданий маанилүүлүгүн пропагандалайт.
Кыргызстандын Улуттук банкынын Нумизматикалык музейи

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын музейинде: Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин байыркы, эски акча белгилери; Кыргызстандын аймагында колдонулган кагаз акча белгилери жана монеталар; тарыхый жана нумизматикалык мааниси бар ар кандай баалуу кагаздар жана башка баалуулуктар; Улуттук банкы музейине белекке берилген чет өлкөлөрдүн акча белгилери жана башка баалуулуктар; кымбат металлдардан жасалган чет өлкөлүк монеталар; СССР мамлекеттик банкынын юбилейлик жана эстелик монеталары; Кыргызстандын юбилейлик жана эстелик банкноттору жана монеталары; улуттук валютанын банкноттору жана монеталарынын сувенирдик топтомдору.

Жалпы кабыл алуу +996 (312) 61-04-86
Кабыл алуу +996 (312) 66-90-11 +996 (312) 66-90-12
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168
10-04-2018, 16:58
Вернуться назад