«Кыргызстан» — кардиологиялык санаторий
Кардиологиялык санаторий «Кыргызстан» Аламедин районунда, Чүй облусундагы Таш-Дёбё айылында, Бишкектин 26 км түштүгүндө, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк алдындагы тоолордо, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан. Бул санаторий инфаркт миокарда оорусунан айыккан бейтаптарды реабилитациялоо үчүн көп жылдар бою иштеп келген эс алуу үйүнүн негизинде уюштурулган. Санаторийди уюштуруунун демилгечиси академик М.М. Миррахимов. Санаторий эң кооз жерлерде, жалпы аянты 21 га болгон жерде жайгашкан. Жыл