Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Автобустар, троллейбустар жана маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш графиги

Автобустар, троллейбустар жана маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш графиги

Автобустар, троллейбустар жана маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш графиги


Шаардык жүргүнчү транспорту (ШЖТ) Бишкек шаарындагы калктын күнүмдүк транспорттук муктаждыктарын камсыздайт. ШЖТ жеке жана муниципалдык коомдук транспорттун аралаш экономика сектору болуп саналат.

Бишкек шаарында жүргүнчү ташууларды жүргүзөт:
-муниципалдык жүргүнчү ишканасы - Бишкек Троллейбус Башкармалыгы (БТБ).

Күн сайын, шаар маршруттарына - 80 троллейбус (анын ичинен 21 жаңы, энергияны үнөмдөгөн, төмөн полдуу, Беларусь өндүрүшү) 7 маршрут боюнча (№№ 4,8,9,10,11,14,17) жалпы пландалган чыгуу – 87 даана.
-муниципалдык жүргүнчү ишканасы - Бишкек жүргүнчү авто транспорт ишканасы (БЖАТИ).

Күн сайын, орточо, шаар маршруттарына 250-260 орто сыйымдалы автобустар (пландалган чыгуу – 396) 20 маршрут боюнча (№№3,4,5,6,7,8,9,18,19,21,22,28,29,33,35,37,38,39,42,46) чыгат.

Ошондой эле, шаар маршруттарына күн сайын 2150 ден 2350 чейин микроавтобустар 41 коммерциялык (жеке) фирмадан чыгып, 122 микроавтобус маршруттарын тейлейт.

Микроавтобустар борбордун тургундарын тейлейт, алыскы жаңы конуштарды, турак массивдерди жана борбордун секторлорун камтыйт, анда жол шарттарына байланыштуу автобустар жана троллейбустарды колдонуу мүмкүн эмес.

Бүгүнкү күндө бар болгон 48 турак массивинен 38 турак массиви коомдук транспорт менен тейленет, башкача айтканда, микроавтобустар жана автобустар үчүн жол шарттарынын мүмкүнчүлүгү бар турак массивдер. Жол шарттары мүмкүн болбогон жерлерде, ошол турак массивдердин тургундары жакынкы өтүп жаткан маршруттарды колдонушат.

Перспектива: Жүргүнчү ташуулар секторунун абалын талдоо боюнча (Дүйнөлүк банк, ЕБРР жана башка эксперттер) шаарга 2-3 этапта 150 троллейбус, 500 чоң сыйымдалы автобустар же 700 орто сыйымдалы автобустарды сатып алуу зарыл, бардык троллейбус жана автобус шаардык маршруттарын калыбына келтирүү жана микроавтобустарды бошотуу максатында.

Эскертүү:

1. Автобустар, троллейбустар жана маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш графиги жүргүнчү транспортунун ишин уюштуруунун негизги элементтери болуп саналат жана ташуу процессинин бардык катышуучулары тарабынан аткарылышы милдеттүү.
2. Жүргүнчү агымдары, жол шарттары, маршруттун узундугу өзгөргөндө, кыймыл графиктери жана расписаниелери өзгөртүлүшү мүмкүн.

Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы борбордун тургундарын микроавтобус маршруттарынын акыркы токтотууларынан маалымдайт.


Автобустар, троллейбустар жана маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш графиги
27-03-2015, 11:43
Вернуться назад