9-сентябрда Чолпон-Атадагы ипподромдо I Дүйнөлүк кочмондор оюндарынын ачылыш аземи өттү. Аземде белгилүү кыргызстандык ырчылар өз номерлери менен чыгышты. Мындан тышкары, кочмондордун, анын ичинде кыргыздардын тарыхы жана салттары тууралуу театралдаштырылган көрсөтүү коюлду. Ачылыш аземине 10 миңден ашык адам, анын ичинде 17 өлкөдөн келген делегация өкүлдөрү катышты. Ипподромдогу тартипти 1 миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлдөп турат. Оюндарга Кыргызстан, Австрия, Азербайжан, АКШ, Россия, Бразилия, Беларусь, Германия, Казахстан, Литва, Өзбекстан, Монголия, Афганистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Франция, Швеция жана Түштүк Кореядан 350 спортчу катышат. Көрүүчүлөрдүн алдында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү.