Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Кыргызстандыктар «Кулку шоу» программасында

Кыргызстандыктар «Кулку шоу» программасында

Кыргызстандыктар шоу «Рассмеши комика»

Кыргызстандык юмор шоу «Рассмеши комика»


Оюндун эрежелерине ылайык, эгер катышуучу же катышуучулар Владимир Зеленский жана Евгений Кошевой комиктерин биринчи мүнөттө күлдүрсө, анда миң гривна (40 доллардын тегерегинде) алат, экинчи мүнөттө беш миң, үчүнчү мүнөт он миң гривна, төртүнчү мүнөттө жыйырма миңге жетет, ал эми акыркы, бешинчи мүнөттө күлдүрсө, жалпы утушу элүү миң гривна болот. Эгер ар бир мүнөттө күлдүрүп алса, анда мурда жыйналган сумма жоголуп кетет.

Кыргызстандан Аким Карасаев, Эрмек Талайбеков, Белек Тургунов, Эшимбеков Эльдияр жана Куватбек Илгиз, Мыктыбек Мукаев жана Азимхан Рахатов катышты.

Аким Карасаев

Кыргызстандан биринчи катышуучу Аким Карасаев 2015-жылы болду. Ал 20 миң гривна утту. Карасаевге Зеленский Кыргызстанда шайлоолор кандай өтөт деп сураганда, ал күрөшүп өтөт деп жооп берди.


Эрмек Талайбеков жана Белек Тургунов

Эрмек Талайбеков жана Белек Тургунов 2017-жылы программага катышты. Алар үчүнчү мүнөткө чейин жетишти, бирок комиктерди күлдүрө алышпады жана утулуп кайтып келишти.


Эшимбеков Эльдияр жана Куватбек Илгиз

Бул балдар 2017-жылы 14 сезонунун бешинчи чыгарылышына катышты. Алар финалга жетип, 50 миң гривна утуп кетишти.


Мукаев Мыктыбек (Мыкы)

Стендапер жана алып баруучу Мыкы да «Рассмеши комика» шоуна катышкан, бирок жеңишсиз кайтып келген. Мындан тышкары, ал эфирде өз шуткасында жаман сөз колдонгон биринчи адам болгон. Алып баруучу жана комиктер анын сөздөрүнөн шок болгон.


Азимхан Рахатов

Азимхан Рахатов «Рассмеши комика» шоуна катышкан акыркы адам. Ал үч мүнөт күлдүрдү жана утулду.

Кыргызстандын улуттук баш кийими — калпакты Зеленскийге жана Кошевыйго Рахатов тартуулады. Комиктер анын чыгышы аяктаганча калпактарды чечкен жок.
1-09-2019, 23:35
Вернуться назад