Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Кыргыз жана австралиялык улуттук командалардын 2018-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна арналган матчка промо-ролик.

Кыргыз жана австралиялык улуттук командалардын 2018-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна арналган матчка промо-ролик.



Кыргызстандын Футбол федерациясы кыргыз жана австралиялык улуттук командалардын 2018-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунда 16-июнда өтө турган матчына арналган промо-роликти чыгарды.

Кыргызстан жана Австралиянын футбол боюнча улуттук командалары 16-июнда Бишкектеги Долон Омурзаков атындагы стадиондо («Спартак») беттешет. Бул Кыргызстандын кийинки Дүйнө чемпиондугуна тандоо циклинде өткөргөн экинчи матчы болот, ал 2018-жылы Россияда өтөт.

Австралия Кыргызстан үчүн B тобундагы эң күчтүү атаандаш болуп саналат — команда Азия чемпиону болуп саналат жана ФИФА рейтингинде 65-орунду ээлейт.

Скачать ролик "Промо-ролик к матчу кыргызской и австралийской национальных сборных к Чемпионату мира-2018.".mp4 [8.59 Mb] (жүктөлдү: 25)
3-06-2015, 23:32
Вернуться назад